Фарид Ниязов, президенттик аппараттын жетекчиси: “Сунушталып жаткан өзгөртүүлөр дал ошол "гитлерлерге" жана башка каалагандай диктаторлорго каршы багытталган”

"Конституцияга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр дал ошол "гитлерлердин" жана башка каалагандай типтеги диктаторлордун келишине каршы багытталган". Президенттин аппаратынын жетекчиси Фарид Ниязов 11-августта “АКИpress`теги” маалымат жыйынында Өмүрбек Текебаевдин “Конституцияга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр бийликке Гитлердин келишине алып барат” деген божомолуна карата мына ушундай комментарий берди.

"Кыргыз өлкөсүнүн эли авторитаризм жана үй-бүлөлүк кланга жетишерлик тойду. Эгерде бүгүнкү күндө мамлекетибиздеги бийлик бутактары аздыр-көптүр өз функцияларын системдүү аткарып жана өз ара аракеттенишип жаткан болсо, ал, тилекке каршы, учурдагы Конституциянын айрым жоболорунун арты менен болгон жок", - дейт ал.

"Президенттин инсандык ролу өтө чоң бойдон калууда. Көп нерселер анын эркинин күчтүүлүгүнөн, ишке байланыштуу жана моралдык-нравалык сапатынан көз каранды. Бүгүнкү күндө Атамбаев эмес, башка эле бирөөнүн президент болуп турганын элестетип көрүңүзчү. Мамлекетибиздеги кырдаал таптакыр башкача болмок. Эгерде бүгүн Өмүрбек Чиркешович мына ушул бардык жылдарда түрдүү конфигурацияларды бузуу менен иштегенин мойнуна алса, анда президент А.Атамбаевдин күчү саясий күчтөрдү бириктирүү, Кыргыз Республикасынын элин бириктирүүгө багытталды.

Көрсө, дүйнө ушундай жаралган экен. Бири бузуу, талкалоо үчүн "курчутулса", башкасы жаратмандык үчүн эмгек өтөйт. Ал эми бүгүнкү кырдаал референдумду четке какпайт", - дейт Фарид Ниязов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан