"Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасынын 12-августка карата жыйынтыгы боюнча 38 медаль менен эң алдыда АКШ курамасы турат. Экинчи орунда 30 медаль менен Кытай, үчүнчүдө 22 медаль менен Япония келе жатат. Түштүк Корея кечээ 7-орунда келе жаткан болсо, бүгүн 11 медаль менен 5-орунга жана Улуу Британия 9-орундан 8-орунга көтөрүлдү. Венгрия, Орусия бир орундан артка жылышса, буга чейин 10-орунда турган Франциянын ордунда бүгүн 12 медалга ээ болгон Италия жайгашты. Ал эми Германия өлкөсүнүн спортчулары 8 медаль утуп, 9-орунга көтөрүлүшкөн. Казакстандын спортчулары 7 медаль менен учурда 12-орунда. Өзбекстан 48-орунда болсо, Кыргыз Республикасы 5 орун артка жылып, 50-орунга жайгашты.
Жалпысынан медаль алган өлкөлөрдүн саны 55ке жетти (жалпы 207 мамлекет).
1. АКШ - 38 медаль (16 алтын, 12 күмүш, 10 коло)
2. Кытай – 30 медаль (11 алтын, 8 күмүш, 11 коло)
3. Япония – 22 медаль (7 алтын, 2 күмүш, 13 коло)
4. Австралия – 15 медаль (5 алтын, 4 күмүш, 6 коло)
5. Түштүк Корея – 11 медаль (5 алтын, 2 күмүш, 4 коло)
6. Венгрия – 7 медаль (5 алтын, 1 күмүш, 1 коло)
7. Орусия – 19 медаль (4 алтын, 8 күмүш, 7 коло)
8. Улуу Британия – 16 медаль (4 алтын, 6 күмүш, 6 коло)
9. Германия – 8 медаль (4 алтын, 3 күмүш, 1 коло)
10. Италия – 12 медаль (3 алтын, 6 күмүш, 3 коло)
12. Казакстан – 7 медаль (2 алтын, 2 күмүш, 3 коло)
20. Бразилия – 3 медаль (1 алтын, 1 күмүш, 1 коло)
48. Өзбекстан - 2 медаль (2 коло)
50. Кыргыз Республикасы - 1 медаль (1 коло)