Олимпиада оюндарында коло медаль тагынган Иззат Артыковго каралган стипендия тууралуу маалымат берилди. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Нуржан Бардинованын айтымында, спортчуга өмүр бою ай сайын 15 миң сом өлчөмүндөгү стипендия каралган. Ошондой эле 4 жыл бою (1 олимпиадалык цикл) ай сайын 45 миң сомдон жогорку категориядагы стипендия алмакчы. Буга катар агенттик тарабынан Иззат Артыковго "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген спорт чебери" спорттук наамы берилет.
Кошумчалай кетсек, спортчуга өкмөт тарабынан 3,5 миллион сом, мэрия тарабынан 1 батир, Улуттук Олимпиада комитети тарабынан 1 батир жана 1 автоунаа убадаланган.