Америкалык спортчу Майкл Фелпс сууда сүзүү спорту боюнча Олимпиада оюндарындагы 23-алтын медалына ээ болду. Ал 14-августта Америка курамасы менен кураштырма эстафета жарышында (4х100) алтын медаль тагынды.
Финалда Американын спортчулары тарабынан 3 мүнөт 27,95 секунда көрсөткүчү катталып, Олимпиада оюндарынын рекорду жаңыланды. Бул жарыштарда экинчи орунду Улуу Британия, үчүнчү орунду Австралия курамасы багындырды.
Быйыл 31 жашка толгон спортчу "Афины-2004" Олимпиадасында 6 алтын, 2 коло медаль, "Бээжин-2008" Олимпиадасында 8 алтын медаль тагынган. "Лондон-2012" Олимпиадасында 4 алтын, 2 күмүш медаль алса, "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында 5 алтын, 1 күмүш медаль тагынды.
Майкл Фелпстин Олимпиадаларда алган жалпы медалдары: 23 алтын, 3 күмүш, 2 коло.