"Рио-де-Жанейро-2016" мелдешинин алкагында бүгүн, 14-августта күрөш боюнча мелдештер старт алды. 1/16 финалдык баскычта 59 килограмм салмакта килемге чыккан спортчубуз Арсен Эралиев учурдагы Дүйнө чемпиону кубалык Исмаэл Борреро Молинага утулуп калды (6:3).
Алгачкы баскычта беттеш калысы Арсенге эскертүү берип, партерге туруп берүүнү буюрду. Жыйынтыгында кубалык спортчу Арсенди оодарып, 2 упайга ээ болду. Ушул эле баскычта Арсенге укук берилгени менен, ал партердеги атаандашын оодарып кете алган жок.
Экинчи баскычта кубалык балбан 4 упайга, жердешибиз 3 упайга ээ болду. Спортчубузга 3 мүмкүнчүлүк болгону менен, ал атаандашын партерден өйдө көтөрө албай, упай алуу укугунан ажырады.
Эми Арсен Эралиевдин коло медаль үчүн кармашты улантуусу үчүн аны уткан кубалык Исмаэл Борреро Молина финалга чыгуусу керек.