Рио-2016: Марафонго 3 кыргыз кызы катышып, мыкты көрсөткүчкө ээ болгон спортчубуз 59-орунду ээледи

Бүгүн, 14-августта кыз-келиндер арасында 156 спортчунун катышуусунда марафон жарышы орун алды. Анда спортчулар 42 чакырым 195 метр аралыкка чуркашты. Жарышка Кыргыз мамлекетинин желеги астында 3 спортчу катышты: Юлия Андреева, Мария Карабицкая жана Виктория Полюдина.

Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, бул жарышта кыргыз спортчулары алдынкы 50 спортчунун катарына кире алышкан жок.

Юлия Андреева 59-орунду ээледи (марага 2 саат 40 мүнөт 34 секундада жетти).

Виктория Полюдина 62-орунду ээледи (убактысы: 2 саат 41 мүнөт 37 секунда).

Мария Карабицкая 156 спортчунун ичинен 94-орунду ээледи (2 саат 47 мүнөт 53 секунда).

Бул жарышта 42 чакырым 195 метр аралыкты 2 саат 24 мүнөт 4 секундада чуркап өткөн кениялык спортчу Жемима Желагат Сумгонг алтын медалды камсыздады. 2-орунду Бахрейндин өкүлү Юнис Жепикуруи Кирва ээлесе, алдынкы үчтүккө эфиопиялык Маре Дибаба өз ысымын жаздыра алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
KaiMak
2016-08-14 22:17:43
жакшы жакшы... Алар тажрыйба топтошту уже...
+2
akyn-jurogu
2016-08-14 22:21:20
Айсулуу Тыныбековага умутум чон! Жок дегенде ушул кызыбыз алтын медаль алып келсе экен Кыргызстанга!
+3
Aselina87
2016-08-14 22:23:12
4urkagan jaktan karalar ardaiym birin4ide keliwet.bizdiki dele jakwy rezul'tat
+3
surgeon777
2016-08-14 22:59:04
Андреева 56-орун деп берип жатышат,бирок айырмасы деле жок,каралар биринчиликти бербейт баарыбир,лучше биз спорттун башка турлоруно басым жасашыбыз керек.
0
Samash-87
2016-08-14 23:04:05
Ха-ха-ха эч ким медаль утпайт.мен айткандай эле болуп жататго.
-6
alaibekovich
2016-08-14 23:47:17
Samash-87, эркек экенсин Риск менен комент жазып жатасың ошондой комментарийлер да керек... Жалгыз озун канчалаган адамдардын патриоттук сезимин ойготуп жатасың... Бирок биздикилерден бироо болсо да алтын алат ИншАЛЛАХ ошондо кором сени дагы эмне деп чыгат экенсин
0
Kadyrovna
2016-08-15 00:14:37
Созсуз медаль утушат умутум чоон ниет кылам
+1
Samash-87
2016-08-15 00:25:53
Алтын алыш керек ошончо барышкандан кийин.Мен дагы ойноп жазып жатканым жок,женилди утулуп калды 37-местаны алды дегенди кундо окуй берип жададым.
+2
alaibekovich
2016-08-15 02:55:34
Samash-87, тушунуп турам ичинде КЫРГЫЗ деген намыс кайнап жатат ошонун куйутунон жазып жатасың
0
nuridindosmatov
2016-08-15 00:32:24
Бир неме мн 3 спортчу жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан