Бүгүн, 15-августта "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасынын алкагында күрөш боюнча 2 комплект медаль ойнотулууда. 85 килограмм салмакта кыргыз балбаны Жанарбек Кенжеев килемге чыгып, мелдештин 1/8 финалында жеңилүүгө дуушар болду.
Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, учурдагы Азия чемпиону Жанарбек Кенжеев германиялык Денис Максимилиан Кудла менен кез келип, 2:0 эсебинде утулуп калды.
Ушуну менен Кенжеев алтын жана күмүш медаль үчүн кармашуу укугунан ажырады. Ал коло медаль үчүн кармашты улантуу үчүн немис спортчусу Кудла финалга чыгуусу шарт.