Бүгүн, 15-августта "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасынын алкагында грек-рим күрөшү боюнча 2 салмак категориясында чемпиондор аныкталууда. Тилекке каршы, 85 килограмм салмакта килемге чыккан кыргыз балбаны Жанарбек Кенжеев менен 130 килограмм салмакта күрөшкөн Мурат Рамоновду ийгилик коштогон жок.
Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, Жанарбек Кенжеев алгачкы беттешинде германиялык Денис Максимилиан Кудла менен кез келип, 2:0 эсебинде утулуп калды. Анын коло медаль үчүн кармашты улантуусу үчүн немис спортчусу Кудла финалга чыгуусу керек эле. Бирок немис спортчусу жарым чейрек финалда Роберти Коблиашвилини (Грузия) утканы менен, чейрек финалда орусиялык Давит Чекветадзеге утулду.
Ал эми 130 килограмм салмак категориясында килемге чыккан Мурат Рамонов Орусиянын өкүлү Сергей Семёновго утулган (8:4 эсебинде). Эгер С.Семёнов финалга чыга турган болсо, балбаныбыз коло медаль үчүн кармашмак, бирок орусиялык балбан жарым финалда утулуп калды.
Жыйынтыгында эки спортчубуз тең мелдеште байгеге илине албай калышты.