Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду аймактарда бизнес-жолугушууларды өткөрөт. Фонддун катчылыгынан кабарлашкандай, жолугушуулар 16-августта Баткен шаарында, 17-августта Жалал-Абад шаарында, 18-августта Ош шаарында өтөт. Иш-чаранын алкагында фонддун иш-аракетинин жана продуктысынын презентациясы, ишкерлердин жана жергиликтүү органдардын өкүлдөрүнүн фонддун жумушу тууралуу кабардар болуусун жогорулатуу, өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен бирге аракеттенүү боюнча меморандумдарга кол коюу каралган.
Жолугушууда аймактык ишкерлердин фонддун кызматкерлерине жана өнөктөш банктардын өкүлдөрүнө долбоорлорду насыялоо жөнүндө суроо берип, жооп алуу мүмкүнчүлүктөрү болот. Ал эми августтун аягына чейин фонд жолугушууну Нарын шаарында уюштурат.