Кыргыз Республикасынын дзюдочусу Юрий Краковецкий "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында 7-орунду камсыздаган. Ал 100 килограмм салмакта татамиге чыгып, коло медаль үчүн кармаштарда утулган.
Бул орун үчүн ал өкмөт тарабынан 800 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык алмакчы. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, акчалай сыйлык өкмөттүн 2016-жылдын 1-февралдагы токтомунун негизинде ыйгарылат. Токтомдо Олимпиада оюндарында жана Паралимпиада оюндарында алдынкы сегиздикке кирген спортчулар үчүн акчалай сыйлык каралары жазылган.
Спортчунун жеке машыктыруучусу Сергей Мистрюков жана улуттук кураманын машыктыруучусу Абдразак Шаршеновго 200 миң сомдон каралган.
Кайсы орун үчүн канча сумма каралганын төмөндөгү маалыматтан көрүп алсаңыз болот:
1-орун (алтын медаль) - 7 000 000 (жети миллион) сом;
2-орун (күмүш медаль) - 5 000 000 (беш миллион) сом;
3-орун (коло медаль) - 3 500 000 (үч миллион беш жүз миң) сом;
4-орун - 2 000 000 (эки миллион) сом;
5-орун - 1 000 000 (бир миллион) сом;
6-орун - 900 000 (тогуз жүз миң) сом;
7-орун - 800 000 (сегиз жүз миң) сом;
8-орун - 700 000 (жети жүз миң) сом.