Кыргызстандын Орусиядагы элчили, бүгүн, 11-апрелде "Москва шаарында кыргызстандык 22 жаштагы жаран каза тапты" деп билдирди. Каза болгон жаран Баткен облусунун Кара-Козу айылынын тургуну жана эмгек мигранты катары курулушта иштеп жүргөн. Такталбаган маалыматтар боюнча ал жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу имараттын үстүнөн кулап кеткен. Учурда кыргыз элчилиги маркумдун сөөгүн мекенине жеткирүү үчүн анын жакын туугандарын тактап жатат. Белгилей кетсек, элчиликтин маалыматы боюнча, жыл башынан бери Орусияда иштеген 41 кыргызстандык жаран каза болуп, Кыргызстанга алынып келинген.