"Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында грек-рим күрөшү боюнча килемге чыккан балбан Руслан Царев оюндардын эшигин жапты. Спортчу 66 килограмм салмакта алжирлик Тарек Азиз Бенайсса менен беттешип, утулуп калган (6:0 эсеби катталды). Муну менен Руслан алтын же күмүш медаль тагынуу укугунан ажыраган, бирок атаандашы финалга чыкса, коло үчүн кармашууну улантмак. Тилекке каршы, Тарек Азиз Бенайсса чейрек финалда азербайжандык Расул Чунаевге утулуп калды. Ошентип, Арсен Эралиев, Жанарбек Кенжеев жана Мурат Рамонов сыяктуу эле Руслан Царев да байгеден куру жалак калды.