"Күзгү мода жумалыгы-2012де" ырчы Анжеликанын "Жар-жар" деген аталышта коллекциясы көрсөтүлдү

Бишкекте 6-ноябрдан 12-ноябрга чейин өткөн "Күзгү мода жумалыгында" өз коллекциясын көрсөткөндөрдүн арасында ырчы Анжелика да болду. "Биз Сургутка концерт коюп кетип,  6-ноябрда келмек элек. Бирок аба ырайына байланыштуу рейс бир топ кармалды. Анын айынан мода жумалыктын сынак бөлүмүнө катышканга жетишпей, белгилүү дизайнерлердин VIP көргөзмөсүндө чыгууга туура келди",- деди Анжелика. Ырчы айымдын айтымында, жумалыкта көрсөтүлгөн "Жар-жар" коллекциясы 2012-жылдын февраль айынан бери даярдалып келген. Ошондой эле кийимдердин саймалары атайын колдо жасалгаланган.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан