"Centerra Gold Inc." ("Центерра") жана "Кумтөр Голд Компани" (КГК) 2016-жылдын II чейрегиндеги ишинин жыйынтыктарын чыгарышты. Биринчи жарым жылдыкта “Кумтөрдө” 184 168 унция же 5 728,27 килограмм алтын өндүрүлгөн. КГК жыл башынан бери 3,01 миллиард сомдон ашуун салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү которгон.
Алтын өндүрүү жана сатып өткөрүү
2016-жылдын II чейрегинде “Кумтөрдө” №17-иш тилкесинен келип түшкөн жана өткөн жылы топтолуп коюлган запастардан кенди кайра иштетүү улантылган. 2016-жылдын II чейрегинде 97 724 унция алтын өндүрүлдү, ал эми 2015-жылдын ушул мезгилинде 122 111 унция алтын өндүрүлгөн. Өндүрүш көлөмүнүн азыркы төмөндөшү кайра иштетүү үчүн топтолуп коюлган запастардан жана №17-иш тилкесинен курамында металлы төмөнүрөөк болгон кенди кайра иштетүүгө байланышкан. Өткөн жылы болсо, тескерисинче, компания 16-борттун төмөнкү баскычтарынан топтолуп коюлган байыраак кенди кайра иштеткен. Өткөн чейректе "Кумтөрдө" 1 миллион 6 миң тонна же 2015-жылдын II чейрегине салыштырмалуу 4 пайызга көп кен кайра иштетилген. Фабрикалык кайра иштетүүгө келип түшкөн кендеги алтындын курамы орточо 2,63 г/т, а бөлүп алуу пайызы 71,9 пайызды түздү, ошол эле учурда 2015-жылдын II чейрегинде бул көрсөткүчтөр тиешелүү түрдө 3,26 г/т жана 77,5 пайызды түзгөн. Алтын ылгоочу фабриканын кубаттуулугун жогорулатуудан улам 2016-жылдын II чейрегинде суткасына орточо 17 700 тонна кен кайра иштетилген, ошол эле учурда 2015-жылдын бул чейрегинде 17 100 тоннадан кен кайра иштетилген.
2016-жылдын II чейрегинде сатып өткөрүлгөн алтындын көлөмү 127 909 унция же 3,98 тоннаны түздү. Продукцияны сатып өткөрүүдөн түшкөн жалпы каражат 161,62 миллион долларды түздү.
“Кумтөр” кенинде өндүрүлгөн Доре куймаларын КГК, “Кыргыз алтын” ачык акционердик коому жана КР Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн алтын жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууда каралгандай, Кара-Балта шаарындагы аффинаждык ишканада кайра иштетүү үчүн “Кыргыз алтын” сатып алат. Аффинаждалган алтын менен күмүштү КРнын аймагында жана анын сыртында сатып өткөрүү укугуна жалгыз гана “Кыргыз алтын” ээ.
КРнын бюджетине төлөмдөр жана башка милдеттүү которуулар
2016-жылдын II чейрегиндеги КР бюджетине салыктар, социалдык фондуна которуулар жана башка милдеттүү төлөмдөр 1 448 583 413,24 миллиард сомду түздү.
“Кумтөр” долбоору боюнча 2016-жылдын 6 айындагы салыктар жана милдеттүү төлөмдөр
2016-жылга прогноз
Эсептөөлөргө ылайык, 2016-жылы "Кумтөрдө" алтын өндүрүү 500 миң-530 миң унцияны түзүүгө тийиш, а мурда 480 миң-530 миң унциядай өндүрүү пландаштырылган, ал жөнүндө компаниянын 2016-жылынын 5-майындагы маалыматтык билдирүүсүндө айтылган. Алтын өндүрүүнүн азыркы темптери 2016-жылы кен ишканасын эксплуатациялоонун жалпы планында белгиленген көрсөткүчтөргө дал келет. Бул план “Кумтөр” кен ишканасынын 2015-жылынын 20-мартындагы NI 43-101 техникалык отчётунда камтылган, ал SEDAR системинде жеткиликтүү. Кен иштетүүнүн планына ылайык, 2016-жылы алтын өндүрүүнүн жылдык көлөмүнүн жарымынан көбү 2016-жылдын экинчи жарым жылдыгында камсыз кылынмакчы.
Толук маалымат www.kumtor.kg сайтында.