Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду жана өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматташуу боюнча меморандумга кол койду

Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү 16-августта Баткен облусунун ишкерлери менен бизнес-жолугушуу өткөрдү. Облустук администрациядан кабарлашкандай, ага өкмөт өкүлү Абиш Халмурзаев, фонддун төрагасынын орун басары Владимир Некрасов жана Баткен облусунун бизнес-структурасынын өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө фонд өкүлдөрү фонддун ишмердиги жана стратегиялык максаттары жөнүндө айтып берди. Ошондой эле облустун ишкерлери бизнес-долбоорлорду даярдоо боюнча толук маалымат алышты.

Жолугушуунун жыйынтыгы менен Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун төрагасынын орун басары жана өкмөт өкүлү кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан