Бүгүн, 17-август. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Саясий интрига кыргыздын төкмөчүлүк өнөрүнө жеттиби?.. 15-августта Бишкек шаарында өткөн Х Эл аралык айтыштын тандоо туру акындардын арасында нааразычылыктарды жаратты. Төкмө акындар Жеңишбек Жумакадыр, Идирис Айтбаев, Баян Акматовдун аз упай алып, тандоо турунан “жыгылып” калышы көпчүлүккө күтүүсүз болду. Мындан кийин төкмө акын Аалы Туткучев калыстар калыстыктан тайганын айтып, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун алкагында Ысык-Көлдө өтүүчү Х Эл аралык айтышка катышпай турганын жарыялады.
Калыстар тобунун курамында болгон акын Элмирбек Иманалиевге “өзүнүн шакирттерине тартты” деген доомат айтылууда. “Мен деле окуучуларыма жан тартам, бирок мынчалыкка бара албайм”, - деген Жумакадыр чырдан кийин 8 эмес, 12 акынды катыштыруу чечими чыкканына карабай айтышка чыкпасын билдирүүдө. Айтыштардын көркүн чыгарып, салмагын арттырган кыргызда саналуу эле төкмө бар экени чындык, ошондуктан көпчүлүк “Жеңишбек менен Аалы катышпаган айтыш айтышпы...” деп нааразы болууда. Өкүнүчтүүсү - бул окуя төкмө акындардын ортосунда ажырым жаратканын интернеттеги “айтыштар” даана көрсөтүүдө. “Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт”, акындардын нааразычылыгы да жөн жерден эмес. Чырды өз ара териштирип алышар. Башкысы - Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына казак акындары мыкты даярдыкта келишет, кыргызды намыска жыгууда алардын эки көзү төрт экени далай айтыштарда далилденген. Элдердин достугун бекемдөө ураанына негизделгени менен, эл аралык айтыштын маңызы – намыс талашуу, атаандашыңдан күчтүү экениңди далилдөө. Андыктан кыргыз эли өзүнүн төкмөлөрүнөн кызыктуу айтыш, намыс коргоо аракетин күтөт. Жеңишбек менен Аалынын айтышка чыкпай калышы – “Барселона” клубун атактуу футболчулар Месси менен Неймарсыз элестетүүгө тете экенин айткандар чыкты...
“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров Конституцияны өзгөртүү демилгесине каршы атайын билдирүү жасады. Мадумаров учурда өлкө абдан кооптуу сыноонун алдында турганын, мамлекет башындагы саясий топ бийликте түбөлүк калуу операциясына даярданып жатканын айтат. “Конституциянын тегерегинде жүрүп жаткан оюндар – Кыргыз Республикасынын астына жашырылып жаткан мина. Бул оюндар өлкөдө калыптана баштаган жаңы жана эң начар тоталитаризмдин белгиси”, - дейт ал. Коомчулук тарабынан айтылып жаткан олуттуу сындарга карабай президент Алмазбек Атамбаевдин командасынын Баш мыйзамды өзгөртүү аракети күчүндө.
Мындан 4 жыл мурун президент Конституция боюнча таптакыр башкача пикирде болчу. 2012-жылдын сентябрында парламент жыйынында президент депутаттарга кайрылуу жасап, өлкөнү өнүктүрүү үчүн Баш мыйзамга туруктуулук керектигин баса белгилеген. “Кыргыз мамлекети эгемендүүлүк алгандан бери Конституция жана мыйзамдар туруктуу болгон жок, дайыма өзгөрүүлөргө дуушар болуп келди. Көптөгөн депутаттар “келгиле, кабыл алып көрөлү, эгер болбой калса оңдоп коёбуз” дегенге көнүп алышты. Баарыбыз так түшүнүшүбүз керек: Конституциянын туруктуулугу - экономикалык, социалдык, саясий туруктуулуктун, өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшүнүн негизи”, - деген президент. Өлкөдөгү бүгүнкү абал 2012-жылдагыдан айырмаланбайт. Конституцияга өзгөртүү киргизүү аракетинин башында турган президент 4 жыл мурунку сөзүн бул жолу айтпайт, анткени ал жылы 2017-жылы өтүүчү президенттик шайлоого чейин көп убакыт бар болчу...