"Конституция элди бөлбөш керек, ал элди бириктириш керек" дейт мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев

"Конституция элди бөлбөш керек, ал элди бириктириш керек". Мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев мындай пикирин Жогорку Кеңештин Конституцияны өзгөртүүнү демилгелеген фракция лидерлерине жасаган кайрылуусунда белгилеген. Ал 2010-жылы Конституцияны кабыл алууда эл азап чеккенин эске алып, жоопкерчиликтүү болууга чакырды.

"2010-жылы кандай кандуу окуялар орун алганы жана Конституцияны кандай оор жол менен кабыл алганыбыз баарыбыздын эсибизде. Элибиз Баш мыйзам үчүн жетиштүү эле деңгээлде азап чекти. Ошол себептен баарыбыз бул документ үчүн жооптуубуз. Акыркы 6 жыл ичинде биз татаал жолду басып өттүк, бирок бир топ жетишкендиктер бийлик менен коомдун биргелигинде ишке ашкан", - дейт Сариев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан