Өкмөт маданият тармагынын кызматкерлеринин айлык акысы төмөндөтүлгөнү боюнча маалыматты четке какты

Буга чейин айрым ММКлар маданият тармагынын кызматкерлеринин айлык акысы төмөндөтүлгөнү тууралуу жазып чыгышкан. Өкмөт айлык акы төмөндөтүлбөгөнүн айтып, маалыматты төгүнгө чыгарды.

Өкмөттүк аппараттан кабарлашкандай, бүгүнкү күндө өкмөт маданият тармагынын кызматкерлеринин айлык акысын баскычтуу түрдө жогорулатуу маселесин чечүүдө. Атап айтканда, өкмөттүн чечими аркылуу ушул жылдын 1-июлунан тарта Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын кызматкерлеринин жана артисттеринин айлык акысы 80 пайызга жогорулатылган. Бул максатта 2016-жылы 17,5 миллион сом бөлүнгөн. 2017-жылдын бюджетинде маданият тармагынын эмгек акысын төлөө фондун жогорулатууга кошумча түрдө 172 миллион сом каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан