"Убактылуу өкмөттүн декретине ылайык, Конституцияны 2020-жылга чейин Жогорку Кеңеш өзгөртө албайт, ал эми элдин мындай укугу бар. Бирок бийликтегилер "Конституцияны өзгөртүү керекпи?" деп элден сураштыбы?" Мындай нааразычылыгын саясат таануучу Тамерлан Ибраимов бүгүн, 19-августта өткөн тегерек столдо билдирди.
"Конституцияны өзгөртүү - бул элдин каалоосу" деп жатышат, бирок элдин пикирин билиш үчүн кандайдыр бир сурамжылоолор, изилдөөлөр жүргүзүлдүбү? Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү процедурасы бир топ суроолорду жаратып жатат. Жогорку Кеңештин өзүндө бирдиктүү позиция жок болууда. Ошондуктан биз жаңы Баш мыйзамды мыкты кабыл алуудан дагы алыспыз", - деген оюн айтты ал.