"Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында эң жаш чемпион аныкталды. Бийиктиктен сууга секирүү спортунан кытайлык Жэнь Цянь алтын медаль тагынды.
Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, 10 метр бийиктиктен секирүү боюнча өнөр көрсөткөн спортчунун 15 жашка толгонуна 180 күн болду.