"Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында грек-рим күрөшү боюнча 59 килограмм салмакта килемге чыккан Арсен Эралиев коло медалга бир кадам жетпей калган. Балбан Олимпиада оюндары тууралуу өз пикирин SUPER.KG порталына билдирди.
- Арсен мырза, Олимпиададагы жыйынтыктар боюнча кандай ойдосуз? Алгачкы беттеште учурдагы Дүйнө чемпиону менен кармашууга туура келип калбадыбы...
- Олимпиада оюндарында оңой атаандаш болбойт, бирок кайсы мелдеш болбосун, алгачкы беттеш кыйын болот. Килемге учурдагы Дүйнө чемпиону менен түшсөм да аракет кылдым. Ошол эле балбан менен кийинки раунддарда жолукканда баары башкача болот эле...
- Кийинки беттеште Кытайдын балбаны Ванг Люминди оңой эле уттуңуз. Негизги сыноо 3-орун үчүн болгон беттеш болду окшойт...
- Ооба, коло медаль үчүн беттеш өзбек балбаны Эльмурат Тасмурадов менен болду. Бул беттеш боюнча ким кандай пикирде экенин билбейм, бирок мен калыстарды күнөөлөй албайм. Жоопкерчиликти өзүмө алам.
- Кандай жыйынтык чыгардыңыз?
- Мен 17 жыл бою спорт менен машыгып, дал ушул Олимпиада оюндарында медаль тагынууну максат кылгам. Ушунча жылдык эмгегим күйүп кетти десем болот. Эл ишенимин актай албаганыма ичим ачышып жаткан чагы. Акыркы күндөрү бөлмөдөн чыкпай жаттым. Даярдык жөнүндө эч жаман сөз айта албайм. Үй бетин көрбөй, көп убакыт сарптап, жакшы шарттарда машыктык. Мен утулганым боюнча жоопкерчиликти өз моюнума алам. Ушул себептүү элимден кечирим сурайм! Мени колдогон элимдин колдоосун сезип жаттым. Мага ишенгендер көп экенин билем. Эми мекенге кайтууга уятым чыдабай жатат.
- Ийгилик коштобогонун эмне менен байланыштырасыз?
- Ушуну менен экинчи ирет Олимпиада оюндарында байге ала албай жатам. Бул тагдыр го дейм.
- Эми карьераңызды улантуу же токтотуу боюнча кандай чечим кабыл алдыңыз?
- "Токио-2020" Олимпиадасына барарымды же барбасымды чече элекмин. Мекениме келип, дарыланып, анан спорттук карьерам тууралуу олуттуу чечим кабыл алам. Дагы бир жолу кыргыз элимден кечирим сурайм! Мага артылган үмүттү актай алган жокмун...
Кошумчалай кетсек, балбаныбыз алгачкы беттешинде учурдагы Дүйнө чемпиону кубалык Исмаэль Борреро Молинага утулуп калган. Атаандашынын финалга чыкканы Арсенге коло медаль үчүн кармаш өткөрүү укугун берген. Коло медалга карай кармашта алгач спортчубуз кытайлык балбан Ванг Люминди ишенимдүү жеңип алган (4:2 эсеби катталды). Ал эми коло медаль үчүн кармашта ага өзбек спортчусу Эльмурат Тасмурадов каршы турган. Бул беттеште калыс тарабынан бир катар катачылыктарга орун берилип, жыйынтыгында 13:8 эсебинде өзбекстандык балбан жеңишке жеткен.