"Коомдун сергек күчтөрү Конституцияны өзгөртүү демилгесин колдобойт". Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов "ResPublica" басылмасына берген маегинде айткан.
Эл өкүлү Конституцияны өзгөртүү демилгесине эл аралык уюмдар да каршы чыгышканын белгиледи. "Биз аларды тоготпой койсок болот, бирок анда бардык макулдашуулардан чыгалы, милдеттемелердин күчүн жараксыз деп табалы, намыстуу көчмөндөргө окшоп эч кимден акча, грант, жардам сурабай жалгыздыкта жашайлы. Жергиликтүү кеңештерди өткөрүүгө эле Евробиримдик бизге 17 миллион доллар берип турат. Акча сураганда биз "демократияны колдойбуз, бардык милдеттерди моюнга алабыз" дейбиз. Ал эми бизден милдеттерди аткарууну суранышканда, биз "намыстуу элбиз жана көз карандысыз мамлекетпиз" деп жооп кайтарабыз", - дейт депутат.
Мындан тышкары депутат Баш мыйзамды өзгөртүү же өзгөртпөө коомдук пикирден да көз каранды экенин кошумчалады.