Өкмөт бүгүн өлкөнүн 2017-жылга карата республикалык бюджетин, билим берүү уюмдарынын окуу жылына даярдыгын талкуулайт

Бүгүн, 22-августта өкмөттүн кезектеги жыйыны өтөт. Анда күн тартибине 3 маселе коюлган. Алгач өлкөнүн 2017-жылга карата республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө мыйзам долбоору, билим берүү уюмдарынын жаңы окуу жылына карата даярдыгы жана өлкөнүн коррупцияга каршы күрөшүү боюнча аткарылып жаткан иштердин жүрүшүн талкууга алышат.

Жыйынга премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, вице-премьерлер, министрлер, облус башчылары жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан