Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 22-августта жумушчу кеңешме өткөрүп, чек ара кызматын чыңдоо жана чек ара маселелерин чечүү багытында Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы жана Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши, ошондой эле башка мамлекеттик органдар тарабынан ишке ашырылып жаткан чаралар тууралуу баяндамаларды укту.
Мамлекет башчы тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринен чек ара коопсуздугун камсыз кылуу жана өлкөнүн чек арасын бекемдөө үчүн бардык зарыл болгон чараларды өз убагында жана сапаттуу аткарууну, чек ара маселелерин жөнгө салуу ишинде пайда болгон маселелерди биринчи кезекте Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен чечүүнү талап кылды. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.