Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов өрт өчүрүүчү көбүктү сатып алууга каражат бөлүнбөй жатканына нааразы болду

Өкмөттүн жыйынында өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов өрт өчүрүүчү көбүктү сатып алууга каражат бөлүнбөй жатканына нааразы болду. Анын билдиришинче, өрттү суу менен өчүрүүдө анын зыяны көп болуп жатат. "2010-жылдан бери өрт өчүрүүчү көбүк сатып ала элекпиз. Ал үчүн 81 миллион сом бөлүп берүүнү суранганбыз, бирок бюджеттин долбоорунан мен бул сумманы көрө алган жокмун. Ар дайым суу менен өчүрүүдө көп убакыт жумшап жатабыз жана анын зыяны чоң болуп жатат", - деди Боронов.

Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын башчысы Бакыт Адылов аталган кызматка 5 миллион сом гана бөлүнүп жатканына нааразы болду. "Бул жылы 64 миллион сом каралса, кийинки жылы 59 миллион сом берилип жатыптыр. "Жакында 21 миллион сомго жаңы өкүлчүлүк ачууну пландап жатабыз. Ага акчаны кайдан алабыз?" - деди Адылов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан