"Жеткиликтүү турак жай" ипотекалык насыялоо программасы боюнча пайыздык үстөктү 10 пайызга чейин төмөндөтүү керек" деди өкмөт башчы

"Жеткиликтүү турак жай" ипотекалык насыялоо программасы боюнча пайыздык үстөктү 10 пайызга чейин төмөндөтүү керек". Мындай сунушту "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга божомолдор жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланып жатканда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков билдирди.

"Калктын "Жеткиликтүү турак жай" ипотекалык насыялоо программасына чыныгы жеткиликтүүлүгүн камсыздоо зарыл. Буга байланыштуу Каржы министрлиги жакынкы арада пайыздык үстөктү 10 пайызга чейин кыскартуу жана күрөөнү камсыздоо механизми, анын ичинде мамлекеттик кызматкерлер айлык акысынын эсебинен жаба албай жаткан алгачкы төлөм боюнча сунуштарды киргизүүсү керек", - деди ал.

Буга катар өкмөт башчы өкмөт мүчөлөрүнүн көңүлүн Бюджеттегилердин эмгек акысынын фонду 2017-жылы 45,8 миллиард сомго жетип, жалпы чыгымдардын 30 пайызын түзөрүнө бурду.

"Буга байланыштуу мамлекеттик башкаруу тутумунда штаттык бирдиктердин мындан аркы жогорулатылышына мораторий киргизилген. Муну менен катар министрлик жана ведомстволор чыгашаларды оптимизациялоо боюнча ишти тездетүүсү зарыл. Чыгашалардын приоритеттүү эмес беренелерин, товарларды жана тейлөөлөрдү сатып алууну кыскартуу керек", - деди Сооронбай Жээнбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан