Кыргыз Республикасынын Түштүк Корея Республикасындагы элчиси Аскар Бешимовго сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Анда айтылгандай, президент Алмазбек Атамбаев Бешимов Малайзияда элчи болуп турган учурда милдеттерин тиешелүү түрдө аткарбагандыгы үчүн сөгүш берүү тууралуу буйрукка кол койду.
Эскерте кетсек, Аскар Бешимов Малайзияда элчи болуп 2011-2012-жылдары эмгектенген. Эмне себептен бир канча жылдан кийин чара көрүлүп жатканын аппараттан такташкан жок.