2017-жылы райондук борборлордун жолун оңдоого бюджеттен болжол менен 1 миллиард сом бөлүү пландаштырылууда

2017-жылы райондук борборлордун жолун оңдоого бюджеттен болжол менен 1 миллиард сом бөлүү пландаштырылууда. Бул тууралуу "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолдор жөнүндө" мыйзам долбоорун талкуулоодо премьер-министр Сооронбай Жээнбеков билдирди.

"2017-жылы "капиталдык салымдар" беренеси боюнча ички булактардан каржылоого 2,9 миллиард сом каралган. Аталган каражаттар экспортко багытталган өндүрүштүн инфраструктурасын колдоого бурулат. Буга катар жаңы лабораториялардын курулушуна жана учурда иштеп жаткан ветеринардык дарт аныктоо аймактык борборлорун оңдоого кошумча түрдө 250 миллион сом бөлүү каралган", - деди ал.

Ошондой эле өкмөт башчы белгилегендей, "Айылдарды каржылоо" насыялоо программасын кеңейтүү үчүн республикалык бюджеттен берилчү субсидиянын суммасын 600 миллион сомдон 700 миллион сомго чейин жогорулатуу зарыл. "Биз жыл сайын аталган программаны каржылоону жогорулатуу менен анын көлөмүн 7 миллиард сомго дейре жеткирүүбүз керек", - деп белгиледи Жээнбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан