Төлөнбай Кожобаев Мамлекеттик миграция кызматынын Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 22-августта кол койгонун өкмөттүк аппараттан кабарлашты. Кожобаев буга чейин Орусиянын Екатеринбург шаарындагы башкы консулу болуп иштеген. Президент Алмазбек Атамбаевдин кол койгон жарлыгына ылайык, ал 17-августта аталган кызматынан бошотулган.