Рио-2016: Кейт Миддлтон, Леонардо Ди Каприого окшош спортчулар интернетте популярдуу болушту (фото)

Чет элдик басылмалар Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында болуп өткөн Олимпиада оюндарында Улуу Британиянын ханбийкеси Кейт Миддлтон, актёр Леонардо Ди Каприого окшош спортчуларды таап чыгышкан. Алар мелдеште көрсөткөн ийгиликтери менен эмес, жогоруда аты аталган белгилүүлөргө окшош болгондугу үчүн интернетте популярдуу болуп чыга келишкен.

24 жаштагы француз велоспортчусу Полин Ферран-Превону Кейт Миддлтонго окшош экендиги тууралуу бир нече чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Алардын окшоштугу сымбаттуу келбети, көздөрү, оозу, жана жүзүндөгү уячасында болгон.

Ал эми бир нече күн мурда таамай атууда Олимпиада оюндарында күмүш медаль тагынган 27 жаштагы Брейди Эллисон атактуу актёр Леонардо-Ди Каприого окшош болгондугу үчүн бир саатта интернет жылдызына айланган. Колдонуучулар спортчу менен актёрдун сүрөттөрүнө түрдүү тамашалуу ой-пикирлерди калтырышкан.

"Дагы бир "Оскарды" айтпаганда, Ди Каприо расмий түрдө алтын алганы бара жатат", "Лео "Аткыч" тасмасында Брейди Эллисондун образын жаратууга даярданып жатат" деген интернет колдонуучулар жадакалса Леону тарыхта биринчи жолу "Оскарды" да, Олимпиада оюндарында медаль алган адам деп да эсептешүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Artyr1994
2016-08-22 18:59:11
Супер инфо сиздерден суранарым кантип семируу жонундо макала барбы жардам бериниздерчи. Кантип кайсыл болумдон сурашты билбегеним учун кечирим сурайм
+3
saltanat.
2016-08-22 19:35:52
Артур, төө десе бээ дейсиңго))). Леого чындап окшош экен, жаш кези десек да болчудай.
+3
adimyrza
2016-08-22 20:02:07
saltanat.соз болду да хаха
0
JENTELMEN
2016-08-22 19:48:18
Суперстанга кирсенер семируунун жолдору деген тема бар
+1
barakcha
2016-08-22 22:00:53
Аябай окшош экен тобоо!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан