Токмок шаарындагы "Интергласс" айнек заводунун жетекчиси Владимир Штайнерт аталган ишкана 2013-жылы жаз айында толугу менен ишке киришерин билдирди. "Интергласс" айнек чыгаруучу завод 2008-жылы декабрь айында оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн жабылып, 2012-жылдын июнь айында кайрадан иштей баштаган. Бирок В.Штайнерттин айтымында, ишкананын азыр 85%ы гана иштеп жатат. Кошумчалай кетсек, "Интергласс" заводунда жалпысынан 1267 адам кызмат орду менен камсыздалган.