"Мектептерди мугалимдер менен камсыздоо жана аларга социалдык колдоо көрсөтүү маанилүү маселелердин бири болуп саналат", - деп билдирди премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн кечээки жыйынында.
Өкмөт башчы белгилегендей, аталган маселени чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары чоң роль ойнойт.
"Менин пикиримде, жаш мугалимдерди колдоо маселесин жер-жерлерде чечүүгө мүмкүн. Мисалга алсак, аны турак жай, жер тилкесин берүү, электр энергиясына, коммуналдык тейлөөлөргө акы төлөөдө жеңилдиктерди берүү жолу аркылуу ишке ашырса болот. Ошондой эле жергиликтүү бюджеттен айылдык мектептерге барган жаш адистерге бир ирет берилүүчү жөлөк пул берүүгө болот. Билим берүү жана илим министрлиги, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары биргеликте жана өз убагында бул маселелерди чечүүгө тийиш", - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Жыйын жүрүшүндө билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева маалымдагандай, 2016-2017-окуу жылында республиканын мектептик билим берүү тутумунда 1 091 260 окуучуну камтыган 2218 жалпы билим берүү мекемелери иш алып барат.