Мамлекеттик органдардын коррупцияга каршы аракеттери жетишсиз болуп жатканын Коррупцияга каршы кызматынын өкүлү өкмөттүн жыйынында айтып чыкты. Анын пикиринде, коррупциянын деңгээли жогору бойдон калууда.
"2016-жылы коррупциялык багытта 86 кылмыш иши кызмат адамдарына карата козголгон. Келтирилген каржылык зыяндар толук аткарылган эмес. Муну менен коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мекемелер аралык аракеттер солгун экенин айтууга болот. Билим берүү жана илим министрлиги менен Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин отчёттору начар. Бир эле отчётту кайра-кайра берип жатышат, өзгөрүү жок. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин да коррупцияга каршы күрөшүү боюнча берген отчёту туура эмес, анткени башка мекеменин отчётун берген", - деп айтты Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлү.