Эртең, 24-августта "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына аттанган спортчулардын акыркы тобу Кыргыз жерине кайтып келет. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кайтып келе жаткан топто балбандар Арсен Эралиев, Руслан Царев, Мурат Рамонов, Жанарбек Кенжеев, Айсулуу Тыныбекова, Магомед Мусаев, Айаал Лазарев жана жеңил атлет Илья Тяпкин бар.
Кошумчалай кетсек, Олимпиадага 6 спорт түрүнөн 19 спортчу аттанган. Спортчулардын ичинен оор атлет Иззат Артыков коло медаль уткан. Бирок допинг чырына байланыштуу анын медалы алынып, башка спортчуга ыйгарылмакчы. Ал эми башка спортчуларга ийгилик жылмайган жок.