Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 23-августта Тарых жана маданият жылын белгилөөгө даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйынын өткөргөнүн өкмөттүк аппараттан кабарлашты.
Тийиштүү министрлик жана ведомство жетекчилери эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана "Ата-Бейит" мемориалдык комплексиндеги 1916-жылкы Үркүндө каза болгондордун элесине арналган эстеликтин ачылышына карата даярдыктардын жүрүшү тууралуу маалымат беришти.
Мамлекеттик орган жетекчилери жана өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү алдыдагы иш-чараларга карата даярдык тууралуу маалымдашты. Алардын билдиришинче, учурда бардык уюштуруу маселелери жана маданий программалар боюнча даярдыктар бекитилген планга жана графикке ылайык ишке ашырылууда, каржылоо жагынан көйгөйлөр жок.
Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, бардык иш-чаралардын жогорку деңгээлде өтүүсү үчүн биргелешкен аракетте масштабдуу иштер жүргүзүлүүдө. Аталган иш-чаралардын өткөрүлүшү өлкөнүн рухий жана маданий баалуулуктарын чыңдоого шарт түзөт.
"II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары биздин өлкөдө өтүүдө жана бизге Кыргыз мамлекетин эл аралык аренада таанытуу мүмкүнчүлүгү берилип жатат. Аталган иш-чаралар кандай деңгээлде өтөрү өзүбүздөн көз каранды", - деди Сооронбай Жээнбеков.
Өкмөт башчы иш-чараларды өткөрүү мезгилинде коомдук коопсуздукту камсыздоо маселесине басым жасап, Ички иштер министрлигине тартипти камсыздоо боюнча чараларды күчтөндүрүү тапшырмасын берди.
Транспорт жана жол министри Замирбек Айдаров маалымдагандай, үстүбүздөгү жылдын 28-августуна карата Балыкчы-Корумду ("Тамчы" аэропорту жана Чолпон-Ата шаарынын аралыгы) жол тилкесин оңдоо иштери аягына чыгарылат.