Текебаев-Бабанов тандеми тууралуу божомолдор айтыла баштады

"Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов менен "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев тандем түзүшүп, бири премьер-министр, экинчиси президент болорун өз ара чечип алышты" деген маалымат интернетте талкууланып жатат. Бул маалымат тууралуу алардын фракциялаштарынан сураштырып, ой-пикирин билдик.

Парламенттин "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутаты Максат Сабиров Текебаев менен Бабанов тандем түзгөнү боюнча бүгүн интернеттен көргөнүн айтты. "Кимдир бирөө менен биригүү боюнча арабызда сөз болгон эмес. Андай пландар да жок эле", - деди Сабиров.

"Ата Мекен" фракциясынан депутат Сайдулла Нышанов фракция лидерлеринин тандеми тууралуу маалыматты биринчи жолу угуп жатканын билдирди.

Анын партиялашы Алмамбет Шыкмаматов: "Текебаев менен Бабанов жашыруун биригип алышпаса эле, "тандем түзүштү" деген кеп саясий серепчилердин алдын ала божомолу жана логикалык бүтүмү болуш керек. Тандем түзгөнү боюнча расмий жарыялоо уга элекмин", - деген оюн айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан