Турсунбай Бакир уулу: "Конституцияны өзгөртсөк, келечекке эмес, артка кетебиз"

"Конституцияны өзгөртсөк, келечекке эмес, артка кетебиз". Мындай пикирин Жогорку Кеңештин экс-депутаты Турсунбай Бакир уулу 23-августта өткөрүп жаткан маалымат жыйынында айтып чыкты. Конституцияны өзгөртүү аракети 2020-жылга чейин сөзсүз боло турганын мындан беш жыл мурун айтып чыкканын эске салды. "Кыргыз мамлекетинде Конституцияны өзгөртүү өнөкөткө айланган. Мен мындай болорун 5 жыл мурун эле айткам. Эми Атамбаев президенттиктен кетип, өкмөт башчы болгусу бар. Конституцияны ошого жараша өзгөртүү аракетин кылышууда. Эмне үчүн буга чейин эле өзгөртүшкөн жок? "Өзгөртсө болот экен" деп айткандарына кыжырым келип турат", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан