Ош шаарынын тургундары шаардын кире беришиндеги жолдун чек арасы аныкталбай жатканына нааразы болушту

КСДП фракциясынын депутаттары Ош шаарынын тургундары менен болгон жолугушууда бир катар көйгөйлүү маселелерди көтөрүшкөнүн 23-августта фракциянын катчылыгы билдирди.

Алгач шаарга кире бериштеги жолдун чек арасы аныкталбай, анын натыйжасында жолдор каралбай, оңдоо иштери жасалбай жатканы айтылды. Анда белгилүү болгондой, Ош шаарынын тургундары бул маселе менен мэрияга кайрылышса, мэрия жолдун Транспорт жана жол министрлигинин балансында турарын айткан. Ал эми министрликке кайрылган эл жолдун айыл өкмөттүн балансында турганы тууралуу жооп алышкан. Айыл өкмөттөгүлөр кайра эле жол шаардык мэриянын карамагында экенин билдирип, жолду оңдоп-түзөө иштерин жүргүзө албастыгын билдиришкен. Бул маселени тез арада чечип, жолдордун кайсы бөлүгү мэрияга, айыл өкмөткө жана Транспорт министрлигине караарын аныктап-тактап берүүнү эл өкүлдөрүнөн суранышты.

Депутаттар маселе тиешелүү органдарга жеткирилип, анын негизинде ведомстволор аралык комиссия түзүү менен жолдун чек аралары аныкталып-такталарына ишендиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан