Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов 24-августта "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен тандем түзөт" деген маалыматка ээ эмес экенин SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, ал иш сапары менен Кытайда болуп, бүгүн Бишкекке кайтып келди. "Бабанов Текебаев менен тандем түзөт" деген маалыматтарды текшерип, баарын маалымат жыйында айтып берем", - деп жооп берди Бабанов.
Айта кетсек, Өмүрбек Текебаев менен Өмүрбек Бабанов 2017-жылы өтүүчү президенттик шайлоонун алдында тандем түзөт деген кептер акыркы күндөрдө интернет айдыңында кызуу талкууга алынууда. Буга байланыштуу Ө.Текебаев 23-августта SUPER.KG'ге: “Алмазбек Атамбаевдин референдумга камдануусу анын саясий аренадан кете турган мөөнөтү келгенин көрсөтүп жатат. Мындан улам эл “Эми президент ким болот? Бийликке кандай саясий күчтөр келиши мүмкүн?” деген суроого божомолдорду айтууда. "Бабанов менен Текебаев биригет" деген сөздү ушул сыяктуу божомолдордун бири деп билем”, - деп жооп кылган.