"Роза Отунбаеванын демилгелери" Эл аралык коомдук фондунун башчысы, өлкөбүздүн мурунку президенти Роза Отунбаева Европа коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун (ЕККУ) улуттар азчылыгы иштери боюнча жогорку комиссары кызматына шайланышы мүмкүн. Бул тууралуу 24.кг басылмасы жазып чыкты.
Маалым болгондой, азыркы жогорку комиссар Астрид Турстун иштөө мөөнөтү быйыл аяктайт. "Мындан улам учурда жаңы комиссарды шайлоо боюнча даярдоо иштери жүрүүдө. Отунбаеванын талапкерлигин Европарламенттин жана ЕККУнун таасирдүү мүчө-мамлекеттеринин бири Германия колдоду. Мындан тышкары аталган кызматка Казакстан өзүнүн талапкерин сунуштамакчы", - деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун улуттар азчылыгы иштери боюнча жогорку комиссары 3 жылдык мөөнөткө шайланат. Анын милдеттери улуттар аралык тирештердин алдын алуу иштерин жүргүзүү.