Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-августта Кытай Элдик Республикасынын Кыргыз мамлекетиндеги элчиси Ци Даюйду анын дипломатиялык миссиясынын жыйынтыкталышына байланыштуу кабыл алды. Тараптар Кыргыз мамлекети жана КЭРдин ортосундагы кызматташуунун келечеги тууралуу пикир алмашты.
Жээнбеков КЭР менен кызматташуу өлкөнүн тышкы саясатындагы маанилүү артыкчылыктардан болуп саналарын жана Кыргыз Республикасы орун алган достук жана өз ара түшүнүшүү мамилелерин баалай турганын белгиледи.
Премьер-министр эки өлкөнүн өнөктөштүгүнүн экономикалык аспектилерине тийиштүү Кыргыз мамлекети энергетика, кайра иштетүү өнөр жайы, айыл чарба жана туризм жаатындагы кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи.
Элчи Ци Даюй өз кезегинде элчилик кызматында туруп, өкмөттүн колдоосуна умтулуп, эки өлкө ортосундагы тыгыз кызматташууну чыңдоого бардык күчүн жумшаганын баса белгиледи. Жолугушуунун соңунда Ци Даюй өкмөттүн Ардак грамотасы менен сыйланды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.