Ысык-Көл облусундагы Түп, Тоӊ, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл райондук жана Каракол шаардык жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жана жиберүү жөнүндө жарлыктарга президент Алмазбек Атамбаев 25-августта кол койду. Президенттик аппараттан кабарлашкандай, Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан Алмазбек Атамбаевге Ысык-Көл (5 адам), Түп (3 адам), Тоӊ (2 адам), Ак-Суу (1 адам) жана Жети-Өгүз (2 адам) райондук сотторунун, Каракол (4 адам) жана Балыкчы (2 адам) шаардык сотунун судьялык кызматтарына дайындоо үчүн 19 талапкер боюнча сунуштар киргизилген.
19-августта мамлекет башчысы айрым талапкерлер менен аңгемелешти. Анын жыйынтыгын жана кошумча алынган маалыматтарды эске алуу менен президент 13 талапкер боюнча аталган кеңештин сунуштарына макулдугун берди. Ар кайсы мамлекеттик органдардан кошумча алынган маалыматтарды жана пикирлерди изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча Алмазбек Атамбаев 6 талапкер боюнча материалдарды кеңешке кайтарып берди.
Буга байланыштуу 3 жарлык чыгарылды. Биринчи жарлык менен сынактардан тандалган 13 талапкер Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык мөөнөт менен жергиликтүү соттордун судьялык кызматына дайындалышты.
Экинчи жарлык менен дайындалган 13 судья судьялык ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл (3 адам), Түп (3 адам), Тоӊ (2 адам), Ак-Суу (1 адам), Жети-Өгүз (2 адам) райондук жана Каракол (2 адам) шаардык сотторуна жиберилди.
Үчүнчү жарлык менен Ысык-Көл райондук (2 адам) жана Каракол шаардык (3 адам) сотторунун аракеттеги курамы кызматынан бошотулду.