Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-августта II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө карата даярдыктардын жүрүшү менен таанышуу максатында бир күндүк иш сапары менен Ысык-Көл облусуна жөнөп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Сапар алкагында Тамчы айылындагы Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду унаа жол тилкесинин курулушунун жүрүшү менен таанышат. Ошондой эле Кырчын жайлоосуна барып, Көчмөндөр оюндарынын алкагындагы иш-чараларга даярдыктын жүрүшү менен таанышат. Андан соң Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромго жана дене тарбия-саламаттыкты чыңдоо комплексине барат.
Белгилей кетсек, ипподромдун жалпы курулуш иштери аяктап, учурда анын аймагын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө.