Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун ордун ээлегенге 59 жаштагы премьер-министр Шавкат Мирзяевдин башкалардыкына караганда мүмкүнчүлүгү көп. Мындай божомолун Борбор Азия өлкөлөрү боюнча орусиялык серепчи Аркадий Дубнов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.
"Шавкат Мирзяев 2003-жылдан бери өкмөттү башкарып келет. Мирзяев президенттик үй-бүлөгө жакын жана Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы 72 жаштагы Рустам Иноятовдун колдоосуна ээ болгондуктан, анын саясий салмагы бир топ эле оор", - дейт Дубнов.
"Бирок эң маанилүү суроо: Өзбекстан Каримовдон кийин кандай болот? Эгер өлкөнү Мирзяев башкарып калса, бийликке болгон Орусиянын таасири күчөшү мүмкүн, бирок Өзбекстан Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна же Евразиялык экономикалык биримдигине кирет деп айтуу кыйын. Каримовдун мураскорлору күчтүү колдоого муктаж болот, ошондуктан Москва колдоо көрсөтүүдөн баш тартпайт, анткени бул маселе абдан маанилүү. Албетте, өзбек элитасынын жаңы мууну батышка көздөй саясат жүргүзөрүн эске алуу керек. Өзбек элин коркуткан маселе - бийликке ислам радикалдарынын келиши, анткени Каримов радикалдарга тоскоол болгону айтылып келген. Кандай болсо да, 1-сентябрда Өзбекстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгы алгачкы жолу өлкөнүн лидерисиз өтүшү мүмкүн", - деген пикирин айтат орусиялык серепчи.
78 жаштагы Ислам Каримов 1990-жылдын 24-мартынан бери Өзбекстанды башкарып келет. Ар кайсы жылдары өзбекстандык массалык маалымат каражаттары жана өзбек оппозициясынын өкүлдөрү И.Каримовдун инфаркты, комага түшүүсү, "оор оорусу" жөнүндө айтып келишет. Кечээ, 28-августта да Каримов ооруканага жаткырылганы белгилүү болгон.