Жогорку Кеңеште өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өтпөй турган болду

Эртең, 30-августта Жогорку Кеңеште белгиленген Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтпөй калды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чара 27-августта 14 мекендешибиздин өмүрүн алган Москва шаарындагы кайгылуу окуяга – өрт кырсыгына жана 9 адам каза болгон Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыкка байланыштуу өтпөй калды.

Эске салсак, президенттин жарлыгы менен 2016-жылдын 29-августу өлкөдө аза күтүү күнү деп жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан