Ош облусунда өтүүчү айыл чарба жарманкеси ат оюндары менен коштолот
17-ноябрь күнү Ош шаарынын борбордук аянтында "Алтын күз - түшүм майрамы" аттуу айыл чарба жарманкеси өткөрүлөт. Бул күнү мөмө-жемиш азыктары арзан баада сатылмакчы. Ошондой эле 17-ноябрда шаардын ат майданында кунан чабыш, оодарыш, көк бөрү улуттук оюндары өткөрүлөт. Ат оюндарынын байге фонду - 250 миң сом.