"Өзбекстандын биринчи вице-премьер-министри, каржы министри Рустан Азимов үй камагына алынды", - деп бүгүн, 30-августта чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты. Ал эми расмий Ташкент бул маалыматты четке кагууда. Саясий серепчилердин ою боюнча, Азимов Өзбекстанда президенттикке талапкерлердин бири боло ала турган адам. Андан тышкары Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун ордун ээлегенге учурдагы премьер-министр Шавкат Мирзяевдин башкалардыкына караганда мүмкүнчүлүгү көп деген божомолдор айтылган.
Айта кетсек, 27-августта Өзбекстандын 78 жаштагы президенти Ислам Каримов ооруканага жаткырылганы белгилүү болгон. Өкмөттөгү булактарына таянып өзбек оппозициясы: "Каримов Дурмень резиденциясында өткөн кечеде аракты көп ичип алгандыктан, эс-учун жоготуп жыгылып кеткен. Дарыгерлер президенттин абалы оор дешүүдө. Эгер Каримов 5 күн жашай алса, анда сакайып кете алат", - деп жазган. Кечээ, 29-августта "Фергананьюс" басылмасы өзбек лидеринин өлүмү тууралуу жазып чыккан. Бирок Өзбекстандын бийлиги бул тууралуу "Каримов өлгөн эмес, анын абалы туруктуу" деп билдирген.
Ислам Каримов 1938-жылы 30-январда Самаркандда төрөлгөн. 1960-жылы Орто Азия политехникалык институтун аяктаган. 1990-жылы Өзбекстандын президенти болуп шайланып, бүгүнкү күнгө чейин бул кызматты ээлеп келет.