Бүгүн, 31-августта президент Алмазбек Атамбаевдин экс-президент Роза Отунбаеванын жана Убактылуу өкмөттүн дарегине карата айткан кескин сынынан улам ошол учурдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү чукул жыйынга чогулуп, анын пикирин талдап чыгышты. Жыйынтыгында Атамбаевдин Роза Отунбаевадан кечирим сурашын талап кылган билдирүү таратышты.
"Урматтуу мекендештер! Бүгүн, 31-Август - Эгемендүүлүк күнүн майрамдоо учурунда биз президент Алмазбек Атамбаевдин куттуктоо иретиндеги сөзү эл күткөн багытынан алыстап, коомдук адептүүлүк чийининен чыгып сүйлөгөнүнө күбө болдук. Кечээки эле үй-бүлөлүк, кландык башкарууга каршы чыккан саясий күрөшкө аны менен чогуу барган тарапташтары – биз президенттин мындай орой, орунсуз сөзүнө, айрыкча анын 2010-2011-жылдар аралыгындагы окуяларга субъективдүү баа бергенине катуу нааразы болдук. Биз жоопкерчиликтүү түрдө 2010-жылдын июнь айында референдум өткөрүү процессинде жана өткөөл мезгилдин жогорку мамлекеттик кызматы болгон президентти тандоо учурунда эч кандай “фокус” болбогонун билдиребиз. Жаңы Конституциянын тексти кандай болсо, ал боюнча суроолор дагы ошондой кенен талкууланып, жыйынтыгында эл добуш берген.
Биз Атамбаевдин колунан жетелеп мамлекет башчылыгына алып келген Роза Отунбаевага карата каршы сынына нааразыбыз. Мындай кадам мамлекет башчысына гана эмес, өзүн жигит сезген адамга да жарашпайт. Биз үчүнчү президент Роза Отунбаевадан Алмазбек Атамбаевдин эл алдында кечирим сурашын талап кылабыз", - деп айтылат билдирүүдө.
Эскерте кетсек, бүгүн 31-августта "Ала-Тоо" аянтында эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына арналган салтанатта президент Алмазбек Атамбаев экс-президент Роза Отунбаеваны жана ал жетектеген Убактылуу өкмөттү олуттуу кылмыштарга күнөөлөгөн. Атамбаевдин мындай айыптоо сөздөрү айтылып жаткан убакта Роза Отунбаева трибунадан нааразычылык ишараты менен кетип калган.