Конституцияны өзгөртүү менен кыргыз бийлигинде тең салмактуулук жоголорун Венеция комиссиясы чыгарган корутундусунда билдирди

Конституцияга өзгөртүү киргизүүнүн демилгечилери. Сүрөт 29-августта, Кыргыз жергесиндеги аза күтүү күнүндө Конституцияга өзгөртүү киргизүү маселесин талкуулоого чогулган жыйында тартылган.Конституцияга өзгөртүү киргизүү Кыргыз өлкөсүндө аткаруу бийлигин күчтөп, парламент менен сот системинин таасирин азайтат. Конституциялык палата өзү сакталганы менен, Баш мыйзамга киргизилчү өзгөртүүлөрдөн кийин конституциялык көзөмөл органы катары өз маанисин жоготот. Мындай корутундуну Венеция комиссиясы кыргыз тараптын кайрылуусунан соң чыгарды. Венеция комиссиясы Кыргыз Республикасындагы Конституцияга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр укук үстөмдүгү, бийликти эки жээкке бөлүү, соттордун көз карандысыздыгы сыяктуу негизги демократиялык баалуулуктарга шек келүү коркунучун белгилеген.

Эскерте кетсек, Венеция комиссиясына "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов Кыргыз Республикасынын Конституциясын өзгөртүүгө тийиштүү мыйзам долбоорлорун укуктук экспертизадан өткөрүү сунушу менен 18-августта кайрылып, эксперттик корутунду берүүнү өтүнгөн.

Белгилей кетсек, аталган комиссиянын төрагасы Жанни Букиккио кыргыз бийлиги кайрылса, комиссия корутунду чыгарып берүүгө даяр экенин билдирген болчу. Көпчүлүк сыяктуу эле аталган комиссия дагы Конституцияны өзгөртүү демилгеси шашпай дыкат талкууланышы керек деген пикирде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан