Өмүрбек Текебаев: "Ислам Каримовдун зыйнатына Атамбаев өзү барыш керек"

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун дүйнөдөн кайтканы тууралуу расмий кабар келгенден кийин анын зыйнатына барууга мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевди чакырды. Бул тууралуу "Азаттык" маалымат агенттиги билдирди.

"Каримов кандай адам, кандай жетекчи болгонуна карабастан, аны узатууга бүтүндөй КМШ жана алыскы мамлекеттердин лидерлери, расмий делегациялар келишет. Бул сейрек колдонулса да, дипломатиядагы эң маанилүү ыкма. Менин оюмча, Каримовду узатууга биздин мамлекеттик делегацияны президент өзү жетектеп барса оң болмок. Маселен, Нурсултан Назарбаев Кытайга сапарын токтотуп артка кайтты. Путин Владивостоктогу сапарын токтотуп, шашылыш түрдө Өзбекстанга келери кабарланды. Албетте, Көчмөндөр оюндары деле маанилүү. Бирок баары даяр болгондон кийин спикер же премьерге тапшырса деле оюндар өтөт. Президент оюн бүткөнгө чейин кайтып келип калмак. Барбай койсо дипломатиялык катачылык болуп калат. Анткени ал жерде Каримовдун ордуна келе турган мураскер да бар болот. Ушундай жамандык-жакшылыкта көп жылдык мамилени аныктай турган кырдаал түзүлөт. Ошого делегацияны президент өзү жетектеп барып койсо Кыргыз мамлекетинин келечеги үчүн жакшы болмок", - деди Текебаев.

Белгилүү болгондой, Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун зыйнатына Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков баштаган кыргыз делегациясы барат. Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, делегация 3-сентябрда түшкө чейин Самаркандга жөнөйт. Президент Алмазбек Атамбаев эртең Чолпон-Атада II Дүйнөлүк оюндарынын ачылышына катышмакчы.

Айта кетсек, 27-августта Өзбекстандын 78 жаштагы президенти Ислам Каримов ооруканага жаткырылганы белгилүү болгон. Өкмөттөгү булактарына таянып өзбек оппозициясы: "Каримов Дурмень резиденциясында өткөн кечеде аракты көп ичип алгандыктан, эс-учун жоготуп жыгылып кеткен. Дарыгерлер президенттин абалы оор дешүүдө. Эгер Каримов 5 күн жашай алса, анда сакайып кете алат", - деп жазган. 29-августта "Фергананьюс" басылмасы өзбек лидеринин өлүмү тууралуу жазып чыккан. Бирок Өзбекстандын бийлиги бул тууралуу "Каримов өлгөн эмес, анын абалы туруктуу" деп билдирген эле. Бүгүн, 2-сентябрда өлкөнүн өкмөтү анын ден соолугу кескин начарлап кеткенин жарыялаган. Ошондой эле бүгүн Каримовдун кичи мекени Самаркандда аны жерге берүүгө даярдануу иштери жүрүп жатканы маалымдалган.

Каримов Ислам Абдуганиевич 1938-жылы 30-январда Самаркандда төрөлгөн. 1960-жылы Орто Азия политехникалык институтун аяктаган. 1989-жылы Өзбекстандын Коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин биринчи катчысы болгон. 1990-жылы Өзбекстандын президенти болуп шайланып, бүгүнкү күнгө чейин бул кызматты ээлеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан